super.kg logo

Бишкек шаардык милициясы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, сүмөлөк таратышты

 

Бишкек шаардык милициясы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайт. Укук коргоочулар баатырлардын улуттук кийимин кийип элибизди куттуктап, бардык жарандарга сүмөлөк таратышты.

"Нооруз майрамын белгилөө убагы жаз мезгилинде күн менен түндүн теңелишине туура келет. 21-марттан баштап күн узарып, түн кыскара баштайт. Дал ушул мезгил жаңы жыл, бейпилчилик жана гүлдөп-өсүү мезгилинин башаты болуп эсептелинет.

Нооруз майрамын белгилөөдө буудайдын өнүп чыккан үрөнүнөн майрамдык тамак-аш сүмөлөк даярдалат. Белгилей кетсек, сүмөлөк тамагы Ноорузда кыргыз эл арасында байыртадан бери даярдалып келет.

Дал ушул күнү үйдү тазалап (арчанын жардамы менен), кайрымдуулук көрсөтүп, ар бир адам бири-бирин сыйлап жана кечиримдүү болууга, молчулук, бакубат жашоо каалоо салтка айланган", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: