super.kg logo

Элчи Орусияда ата-энесинин кароосуз калган кыргыз балдардын абалы менен таанышты

 
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ата-энесинин камкордугусуз калган кичинекей балдары (2 жашка чейин) жашаган "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборуна барып, наристелердин абалы менен таанышып кайтты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Элчи кыргыз балдарынын ден соолугунун абалы, аларды кармоо шарттары, наристелерди Кыргыз өлкөсүнө алып келүүдө чечилиши керек болгон маселелер менен таанышты. "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборуна балдар үчүн жеке гигиена каражаттары түрүндө жардам көрсөтүлдү. Борбордун директоруна балдарды тарбиялоодогу баа жеткис эмгеги жана асыл миссиясы үчүн ыраазычылык каты тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу өкүлдөрү жок, ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек жарандардын укуктарын коргоо маселелерине, ошондой эле аларды өлкөгө кайтаруу жол-жобосун жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.03.2021. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо Аллахым, наристелерди ата энесинен айрый корбо,ата энеси менен чогуу бактылуу балалыктын доорун сургонду ар бир наристеге насип кылакор! Бироого зар дуйно,бироого кор дуйно экенда ушундай.
22.03.2021. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Шоу,пиар
22.03.2021. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата эне мээриминен айрылбасын бобоктор!
22.03.2021. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуштарым ,кичинекейлерим десе бактынар тоодой болсун, ден соолугунар чын болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: