super.kg logo

Поэзияга суусаган жаштар, китепкөй коноктор... Бишкекте китеп фестивалы болуп өттү

 

21-Март - Нооруз күнү Бишкек шаарында китеп фестивалы болуп өттү.

Аталган иш-чара жаңыча көз караш менен заманбап форматта уюштурулуп, калаадагы тойканалардын биринде концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага Акбар Кубанычбеков, Максат Жангазиев, Рыскүл Изатова жана башка көптөгөн көрүнүктүү жаш акындар катышты.

Ошондой эле Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актёрлору ырларды мыкты деңгээлде көркөм окуп, театрлашкан программасын аткарышты. Акын Алтынбек Исмаиловдун ырын көркөм окуп интернет жылдызына айланган кичинекей Саян Айтикеев дагы атайын Ош шаарынан бери келгенин айтып, акындар менен бирге ыр окуду.

Ал ортодо акын Алтынбек Исмаиловдун "Агыш түн" аттуу ыр жыйнагынын бет ачары дагы орун алды. Китепкөй конокторго, өзгөчө жаштарга толгон бул саамалыкта мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, жаштардын китепке болгон сүйүүсү артып бара жатканына кубанып жатканын баса белгиледи.

Билимдүү жаштарга мындай жагымдуу маанайды "Данек" китеп дүкөнү тартуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
22.03.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу Нооруз майрамынар кут болсун. Кыргыз тилиндей тил бар болсо, поэзия сөзсүз болот. Чыныгы поэзия эч нерсе айтпайт, ал мүмкүнчүлүктөрдү гана көрсөтөт. Бардык эшиктерди ачат. Өзүңүзгө ылайыктуусун ача аласыз. Поэзия жараткан адам - бул Кудайдан жиберлирген пайгамбарлардын пайгамбары. Поэзия - сулуулукту жакшылыкка айланткан баатырдыктын символу. Поэзия окуш керек.
Mirlan27011987 түзөттү 2021-03-22 11:54:17
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: