Таластагы Жер-Үй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы айтылды. Облустук милициянын жообу
Кечээ, 21-март күнү Фейсбук социалдык тармагына Султанбек Аманбеков аттуу колдонуучу Таластагы Жер-Үй алтын кенинде мындан 2-3 күн мурда 18 адам тамакка ууланганын жазып чыккан.
"Тийиштүү органдар бүгүн гана кыймылдай баштады. Ал эми ууланган адамдарды эч кимге унчукпагыла деп коркутуп коюшкан. Алар жумушунан кол жууп калуудан коркуп, үн катпай отурушат. Таластын жаңы жетекчисинин бул боюнча кабары барбы?” - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Талас ОИИБине байланышканда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Аталган билдирүү облустук милициянын маалыматтык электрондук эсепке алуу журналына "Санитардык-эпидомиологиялык талаптардын бузулушу" фактысы менен каттоого алынды. Жарыяланган маалымат канчалык деңгээлде чындык экендигин аныктоо максатында жана ага карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн текшерүү жана иликтөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.
Таластагы Жер-Үй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы айтылды. Облустук милициянын жообу





1 |