super.kg logo

Статком: "Күн карама жана пахта майынын орточо баасы жыл ичинде 1,6 эсеге жогорулады"

 

Өлкөдө күн карама жана пахта майынын орточо баасы жыл ичинде 1,6 эсеге жогорулады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, комитет тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча бааларга көзөмөл жүргүздү. Анда негизги социалдык маанилүү продуктылардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары чыкты.

18-мартка карата күн карама майына болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 164 сом 78 тыйынды түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөнүн көрсөттү. Ал эми пахта майынын баасы 153 сом 17 тыйынды түздү жана 1,5 эсеге өстү.

Күн карама майынын бааларынын эң жогору өсүшү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Чаек айылында жана Токтогул, Жалал-Абад, Каракол, Токмок шаарларында 1,8 эсеге өскөнү катталды.

  • Чаек айылында - (килограммы үчүн 167 сом 27 тыйын);
  • Токмок (килограммы үчүн 157 сом 59 тыйын);
  • Бишкек (килограммы үчүн 156 сом 22 тыйын);
  • Жалал-Абад (килограммы үчүн 155 сом 32 тыйын);
  • Исфана (килограммы үчүн 154 сом 6 тыйын) шаарларында пахта майынын болгон чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты.

Ал эми минималдуу баалар:

  • Кербен (килограммы үчүн 95 сом);
  • Талас (килограммы үчүн 133 сом 64 тыйын);
  • Баткен (килограммы үчүн 136 сом 42 тыйын);
  • Өзгөн (килограммы үчүн 136 сом 68 тыйын);
  • Покровка айылында (килограммы үчүн 136 сом 89 тыйын) байкалды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: