Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери толгоосу кармаган келинге жардам беришти
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери толгоосу кармаган келинге жардам беришти. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-мартка караган түнү болжол менен саат 03:00 чамасында Жибек Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен такси кызматынын айдоочусу жардам сурап кайрылган. Анда унаада толгоосу келип калган айым бар экени, эртерээк төрөт үйүнө жеткирүү керектигин кабарлаган.
"Кайгуул кызматкерлери боюнда бар келинди кызматтык унаага отургузуп, тез аранын ичинде Шопоков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан төрөт үйүнө жеткиришкен. Көп өтпөй төрөт үйүнөн келиндин туугандары чыгып, сыртта турган кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти", - дешти аталган кызматтан.
