"Бою 170 сантиметрден кем болбошу керек". Баткенде облустук милицияда иштөөнү каалагандарга сынак жарыяланды
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кенже жетектөөчү курамдагы кызматтарга сынак жарыялайт. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн тиешелүү документтер 19-апрелге чейин кабыл алынат.
"Сынакка укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына, ошондой эле квалификациялык талаптарына жооп берген жарандар кабыл алынат. Анда жашы 19га толгон жана 30 жашка чейинки, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес Кыргыз жарандары катыша алат.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБинин кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.
Байланыш үчүн номурлар: 03622 5-02-75, 0773-977-789", - деп жазылат маалыматта.


1 |