Асел Кадырбекова күйөөсү Нурлан Насип менен ажырашканы жазылууда. Түгөйлөр маалыматты тастыктай элек
Ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын эки ажырым жолго түшкөнү интернет желесине кечээтен бери тарап жатат. Мындай кептердин тарашына Асел Кадырбекованын Инстаграм баракчасындагы катталуучунун "ажырашып кеттиңиздерби?" деген суроосуна жазылган жообу себеп болду.
Анда ырчынын социалдык тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүнө окурман "Силерди ажырашты деген чынбы?" деген суроосун калтырган. Ал эми ырчынын аккаунтунан төмөндөгүдөй жооп жазылган.
"Чын. Расмий ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз. Өзүмө келип, көзүмдүн көрүүсү жакшыргандан кийин расмий ажырашам".
Бул кептердин чын-бышыгын азырынча түгөйлөр тастыкташа элек.
Буга чейин, тагыраагы, 2020-жылы дагы түгөйлөр таарынышып кеткени айтылган.
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын ортосунда Дария аттуу кызы бар.
Таластагы Жер-Үй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы айтылды. Облустук милициянын жообу


Кыздар дайыма чачынарды жасатып, жакшынакай прическа кылып жургуу керек. Чач - бул аялдын негизги кадыр-баркы жана сулуулук, жагымдуулук берет. Сулуулук - бул Кудайдын белеги. Адамдын жан дуйносу сулуулука баш ийет.
Бизде кыздар копчулук учурда социалдык, маданий кысымдын астында жашап отушот. Кандай гана чыр болбосун куноону кыздан издеп чыгышат. Коомдук соц-к менталитет эркектин жеке кызыкчылыгына туураланган. Диний салттык негизде кыздарды кысымга алганды токтотолук.