Баткенде 19 милиция кызматкери ишке киришип, ант беришти





Баткен ОИИБинде 19 кызматкер ишке киришип, ант беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ант берүү бүгүн, 22-март күнү Баткен ОИИБинин имаратында болду. Анда ИИМдин алгачкы 3 айлык курсун аяктап келип, жаңыдан дайындалган кызматкерлер ант беришти.
Бул салтанатка Баткен ОИИБинин жетекчиси Мурат Боронов, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов жана өздүк курам катышты.
Жаңыдан ички иштер башкармалыгынын катарына кошулуп, кызматка дайындалган жалпы 19 кызматкер ант беришти.
“Ар бир кызматкер ИИОнун катарына кабыл алынып жатканда жоопкерчиликти сезе билиш керек. Биз элдин көзөмөлүндө экенибизди эч качан эстен чыгарбоо керек. Милициянын күчү элдин ишеними менен колдоосунда”, - деди Боронов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.