Бишкек шаардык мэриясы калаадагы таштанды полигонунда көчмө жыйын өткөрдү




Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын жумушу менен таанышуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, калаа башчыны ишкананын директору Адил Назаров тосуп алып, болуп жаткан, кылынган иштер боюнча айтып берди.
"Жолугушуунун жүрүшүндө мэрдин милдетин аткаруучу жумушчуларга иштөө шартын жакшыртуу максатында бир катар тапшырмаларды берди:
- Бир аптанын ичинде жуунуучу жай (душ) куруу;
- Ишин жакшы өтөп айырмаланган жумушчуларга мэриянын атынан грамота менен сыйлоо;
- Кызматкерлер үчүн жолдомо маселесин тез арада чечүү", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.