"Жаңы билим берүү мекемеси 480 орунга ылайыкталган. Долбоордун сметасы жана документ иштери аягына чыкты. Тендер Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында өтөт.

Курулуш иштеринин алгачкы сметасы 122 миллион 566 миң 569 сомду түздү. Чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланат", - деп жазылат маалыматта.