Салык кызматы бирдиктүү салык декларацияны 1-апрель түн ортосуна чейин кабыл алат
Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала башташты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, декларациялар 2021-жылдын 1-апрелине чейин (дем алыш күндөрдү кошкондо) эртең менен саат 09:00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алынат.
"1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;
- менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;
- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин - 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.