Күйүүчү май кымбаттап, абалың кантти дыйканым? (сурамжылоо)
Күн санап жашоодо керектелүүчү азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатат. Алардын ичинде күйүүчү май, солярка дагы бар. Өлкө аймагында өткөн жылга салыштырмалуу күйүүчү майга болгон баа кымбаттаганы байкалууда. Учурда кээ бир региондордо жазгы айдоо иштери башталып калган кез. Буга байланыштуу аймактардагы дыйкандарга байланышып, сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айылынын тургуну Бекназар Апазканов учурда аталган аймакта айдоо иштери башталып, буудай себилип жатканын айтты.
"Биздин аймакта учурда айдоо иштери башталып, буудай себилип жатат. Бир гектар жерге 20 литр солярка сарпталат. Мындан тышкары трактордун айдоочусуна 2 миң 500 сом акы төлөйбүз. Ал эми солярканы 45-46 сомдон алып жатабыз", - деп билдирди ал.
Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылынын тургуну Эрлан Калматов былтыр солярканын баасы 36-37 сомдун тегерегинде болгонун билдирди.
"Учурда биздин аймакта айдоо иштери баштала элек. Бир-эки аптанын ичинде башталып калат. Солярканын баасы былтыркы жылы арзан болгон. Анда 36-37 сомдун тегерегинде алганбыз. Быйыл 42-43 сомдун айланасында болууда. Солярканын баасы дагы жогорулайт деген божомолдор айтылууда", - деди Эрлан Калматов.
Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Апсалам Карыбек уулу үрөндүн баасы дагы 5-10 сомго кымбаттаганын айтты.
"Айдоо иштери башталды. Акыркы кезде күйүүчү май, солярка кымбаттап кетти. Мисалы, былтыркы жылы бир сотых жер 45 сомдон айдалчу. Быйыл болсо ал 50-60 сомдон болууда. 10-15 сом айырмачылык болуп жатат. Ал эми гектарына алганда болжолдуу 4-5 миң сом айдоо иштерге (ичинде солярка дагы бар) гана кетип жатат.
Мындан тышкары үрөн дагы алабыз. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл үрөн 5-10 сомго кымбаттаганын байкап жатабыз.
Солярка болжолдуу 43-44 сомдун тегерегинде болуп жатат. Ошондой эле быйыл кургакчыл болот деген имиштер айтылууда. Себеби кышында кар аз түштү", - деди Апсалам Карыбек уулу.
Нарын районунун Шоро айылынын тургуну Атай Асанбаев кээ бир май коюучу жайларда солярка жоктугун билдирди.
"Нарын аймагында буудай, арпа, картошка айдалат. Быйыл апрель айынын ортолорунда айдоо иштерин баштоону пландап жатканбыз. Бирок учурда бир-эки май куюучу жайларда солярка жок экен. Ал жердегилер күйүүчү майды жакын аралыкта келет деп айтышты. Солярканын баасы 40-41 сомдун тегерегинде болуп жатат", - деди Атай Асанбаев.
Баткен районунун тургуну Бостонбек айылда солярка 46-47 сомдон сатылып жатканын айткан.
"Азыркы учурда биздин аймакта 2-3 адам гана жер айдашты. Айдоо иштери толук баштала элек. Солярканы 46-47 сомдон сатып алып жатабыз", - деп билдирди Дастанали Козубаев.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө жалпысынан 39 миң тоннадан ашуун күйүүчү май керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 60 пайызга камсыздалганы маалымдалган.
Мындан сырткары республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баалары бир айда 11,5 пайызга кымбаттаганы айтылган.
Кымбаттуу окурман, сиз жашаган аймакта айдоо иштери башталган болсо комментарийге жазып калтырыңыз.


1 |