super.kg logo

Кара-Суудагы массалык уулануу: Бир бейтаптын абалы оор болуп дарылануусун улантса, калгандары үйлөрүнө чыгарылды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда 60 жылдык юбилейлик кечеден кийин массалык уулануу болгон. Анын кесепетинен 2 аял каза болуп, дагы 12 адам ооруканага кайрылган.

23-мартка карата Кара-Суу райондук аймактык ооруканасында жаткан бейтаптардын ичинен бирөө дарылануусун улантууда. Мындай маалымат санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу оорулар башкармалыгынын жетекчиси тарабынан белгилүү болду.

"Ооруканада дарыланып жаткан 12 бейтаптын ичинен сегизи 20-мартта, үчөө 22-мартта үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми бир бейтаптын абалы оор деп бааланып, дарылануусун улантууда.

Эпидемиологиялык териштирүү иштеринин алкагында бейтаптар тамак-ашка ууланганы аныкталды. Лабораторияга жөнөтүлгөн тамак-аштардан ботулизм таякчасы чыкты", - дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:
6-мартта жергиликтүү тургун 60 жылдык юбилейин белгилеп, кечеден кийин коноктордо уулануунун белгилери байкалган. Алар алгач өз алдынча дарыланып, 9-мартта абалдары оорлошкондо гана ооруканага кайрылышкан. Уулануунун кесепетинен 50 жана 58 жаштагы аялдар каза болушкан.

Мындан тышкары юбилейге барган 15 киши жашаган аймагы боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө экени кабарланган.

Бул окуя боюнча эпидемиологиялык териштирүү башталып, ууланууну аныктоо үчүн "Ассорти" салатынан бир банка, абрикос, алча, айва компотун, туздалган бадыраң, абрикос кыямын алып, лабораторияга жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: