"Мамлекеттин акчасын бекер коротууну токтоткула!". Өзгөчө кырдаалдар министри куткаруучуларды зарыл болбосо иш сапарларга чыкпоого чакырды
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматкерлерге мамлекеттин акчасын бекер коротууну токтотуу керектигин айтты. Бул тууралуу Ажикеев министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары менен аппараттык кеңешмесинде билдирди.
Белгилүү болгондой, министр Кыргызгидромет агенттигинин, Капиталдык курулуш департаментинин жана Суу ташкындардын алдын алуу агенттигинин алып барып жаткан иштерин тездетүүнү тапшырды.
Ошондой эле Бообек Ажикеев министрликтин кызматкерлеринин сыртка чыгып жаткан иш-сапарларын өз көзөмөлүнө аларын билдирди. "Техника өнүккөн заманда өтө маанилүү маселе болбосо иш сапарларга чыгуунун кажети жок, мамлекеттин акчасын бекер коротууну токтоткула!", –деди ал.
Мындан тышкары министр ӨКМнын ар бир кызматкери аттестациядан өтүүсү зарыл, бирок анын максаты кызматкерлерди иш ордунан кетирүү эмес, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу экендигин белгилеп, андан коркуунун кереги жок экендигин эскертти.
