Орусиялык модель Анастасия Решетова Ким Кардашьянды плагиат үчүн айыптады
Орусиялык модель Анастасия Решетова Ким Кардашьянды плагиат үчүн айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, орусиялык модель рэпер Тиматинин мурунку сүйлөшкөн кызы Анастасия Решетова телекөрсөтүү жылдызы Ким Кардашьянды анын кийимин плагиат кылган деп айыптады. Буга байланыштуу билдирүү анын Инстаграм баракчасында пайда болду.
25 жаштагы Решетова өзүнүн баракчасына коллаж жарыялаган, анда узун өтүк жана камуфляж формасынын принти менен куртка, ошондой эле ак көйнөк жана кара корсет кийип турган. Экинчи кадрда Кардашьян ошол эле үлгүдөгү көйнөк жана бут кийим менен тартылган.
Модель айтылган сүрөттү 12-мартта, ал эми Ким Кардашьяндыкы 22-мартта жарыялагандыгын белгилеген. "Мен ал көйнөктү мурунтан эле кийчүмүн" деп тамашалаган Решетова.



1 |