Апасы менен "Ош базарга" келип, адашып кеткен бала табылып, үйүнө жеткирилди
Бишкек шаарында адашып жүргөн бала табылып, үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-мартта Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 20:30 чамасында Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн баланы көрүшкөн.
"Аты-жөнүн тактоо учурунда кичинекей бала бир туугандары менен "Ош базарына" келип, андан ары адашып жүргөнү белгилүү болгон. Милициянын кайгуул кызматкерлери баланы кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин издешкен. Көп узабай үйүн таап, 1993-жылы туулган апасына сак-саламат өткөрүп беришкен. Баланын апасы уулун издеп жүргөндүгүн айтып, баласын таап берген кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирген", - деп жазылат маалыматта.


1 |