Кайыңды аймагында токтоп калган санариптик телеканалдар жакын арада калыбына келтирилет
Чүй облусунун Кайыңды аймагында телеканалдар жакын арада калыбына келтирилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Панфилов районунун Кайыңды аймагынын тургундарынан санариптик телекөрсөтүүнүн токтоп калгандыгы боюнча келип түшкөн арыздарга байланыштуу учурда сыналгы сигналын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
"Токтун кескин жогорулашынан улам санариптин автоматтык телевизордук ретранслятору иштен чыккан. Кайрылуулар келип түшкөндөн кийин техниктер жерине барып, жабдууларды оңдоо үчүн керектүү тетиктерди сатып алышкан. Учурда адистер Кайыңдыда телекөрсөтүү сигналын калыбына келтирүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.
