Бишкек шаардык соту депутат Данияр Төлөновдун бир тууганы Бахтияр Төлөновдун ишин карап чыкты
Пара алганга шектелип кармалган Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Бахтияр Төлөновдун ишин Бишкек шаардык соту карап чыкты.
Анда шаардык сот Биринчи Май райондук соту чыгарган мамлекетке 260 миң сом төлөө чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутат Данияр Төлөновдун бир тууганы Бахтияр Төлөнов Бишкектеги кафелердин биринде 800 доллар пара алганга шектелип кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.