Бишкектеги Жумушчулар шаарчасында абанын булганышы нормасынан 2 эсе жогору

Бүгүн, 24-март саат 08:00гө карата Бишкектеги Жумушчулар шаарчасында абанын булганышы нормасынан 2 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Жумушчулар шаарчасындагы учурдагы көрсөткүч - 56 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 36). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 27 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 23).
Чыгыш-5 кичи району – 37 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 21).
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин аймагы – 31 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 18).
