super.kg logo

Дордой конушунда 140 орундуу жаңы бала бакча курулат

 
Бишкектин Дордой конушундагы жаңы бала бакчанын курулушуна тендер жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 балага, алты группага ылайыкташтырылган.
"Долбоордун сметасы жана документ иштери толук аягына чыкты. Курулган имаратта оюн бөлмөсү, уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залы болот.
Тендер Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында өтөт.

Курулуш иштеринин алгачкы сметасы 48 миллион 398 миң 113 сомду түздү. Чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланат", - деп жазылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: