super.kg logo

Өлкөдө коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өткөрүү максатында медицина кызматкерлерин окутуу иштери жүргүзүлүүдө

 
Калкты коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өткөрүү максатында өлкө аймактарында медицина кызматкерлерин окутуу тренингдери өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, алгач калкты эмдөө иштери Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда башталат.
"Бишкек шаарында эмдөөдөн өткөрүү үчүн 5 пункт болот. Чүй облусунда Сокулук жана Ысык-Ата райондорунда эки жай каралды. Ал эми Ош шаарында №8 жана №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эки пункт уюштурулат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, калкты коронавируска каршы эмдөө ушул аптада башталышы мүмкүн экендиги айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: