super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-МАРТ: Аскар Акаевдин режиминин кулатылганына 16 жыл болду

 

Мындан 16 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта өлкөнүн ар бир бурчунан келген эл толкуну Бишкекте чогулуп, ошол кездеги президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Тарыхта бул окуя "Жоогазын революциясы" деген ат менен калган.

2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор ыплас өтүп, эл колдогон адамдар депутаттык мандаттарынан ажыраган. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир региондордо нааразычылык акцияларын өткөрө баштаган.

Чуулгандуу парламенттик шайлоодон чыккан жаңжал бийликтин баркын кетирип, акыры 24-март күнү миңдеген адамдар Бишкектеги Ак Үйдү басып алышкан. Мамлекет башчысы өлкөнү таштап, өкмөт башчысынын отставкага кетишине байланыштуу Кыргыз мамлекетинде кыска убакытка бийлик боштугу жаралган.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш татаал абалдан чыгып, парламент төрагалыгына Ишенбай Кадырбековду шайлаганга жетишкен. Укук коргоо органдарынын өзүнө жүктөлгөн милдетин аткарбай коюшуна байланыштуу шаарда талап-тоноо, укук бузуулар күч алган. Оппозиция лидерлери 24-мартта жыйын куруп, анда Координациялык кеңеш уюшулган. Анын төрагалыгына Курманбек Бакиев дайындалып, Координациялык кеңеш алгачкы маселелер катары коопсуздук, тартипти сактоо маселесин карап, элдик кошуундар түзүлгөн. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Аскар Акаевдин өлкөдөн чыгып, ал эми өкмөт башчы Николай Танаевдин кызматтан кеткендигин билдирип, өлкөдөгү жогорку бийлик Координациялык кеңешке берилерин белгилеген.

24-мартка карата жылнаама.






Бүгүн, 24-март - 2005-жылдагы толкундоого 16 жыл

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: