super.kg logo

Депутат Бекешев азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашы боюнча кийинки аптада өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады

 

Депутат Дастан Бекешев азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашы боюнча кийинки аптада өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Азык-түлүктөрдүн баасы кескин кымбаттады. Бул маселени тийиштүү комитеттин жыйынында дагы көтөрдүм. Кийинки аптада бул маселени кароо керек. Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат угалы", - деди ал.

Мындан тышкары ал учурда паспорттук кризис болуп жатканын айтты. "Бул маселени Жогорку Кеңеште биз дагы карашыбыз керек. Өкмөт эмне жумуш кылып жатат? Чет өлкөдөгү биздин жарандар паспорт ала албай жатат", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: