super.kg logo
  Саясат  

ИИМдин өкүлү: "Алга Кылычевдин айткандары боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат"

 

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Алга Кылычевдин берген маеги боюнча маселени көтөрдү.

"Биздин жарандар маек берип жатканда силердин дарегиңерге даттануу же мыйзам бузуу боюнча айтса, ошол сөздөрүнө кандай реакция болуш керек?" - деп депутат ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовдон сурады.

Каниметов: "Маалымат каражаттары аркылуу биздин жарандар кайрылса дароо каттоого алынат", - деп жооп берди.

Төрөбаев: "Алга Кылычев деген жаран "Азаттыкка" берген маегинде силердин дарегиңерге бир топ сындарды айтты. Ошого силер жооп бердиңерби?" - деп сурады.

Каниметов: "Кечээги күн менен Алга Кылычевдин кайрылуусу бирдиктүү реестрге катталды. Текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: