super.kg logo

Өлкөдө мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды

 

Бүгүн, 24-мартта мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, олимпиада Бишкек, Ош шаарларында, облустун борборлорунда өтүп жатат. Ага жалпысынан экинчи этапта 1-2-орундарды алган 1 988 мектеп окуучусу катышууда.

"Олимпиадалык тапшырмаларды Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору иштеп чыккан. Олимпиада өтчү жерлерге атайын окутулган лидерлер жана администраторлор барышкан.

Олимпиаданы уюштурууга жоопкерчилик Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарына, ошондой эле облустук билим берүү институттарына жана методикалык борборлорго жүктөлгөн", - деп жазылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: