super.kg logo

Бишкек шаардык мэриясында калаага жылуулук берүүнү токтотуу маселеси каралды

 
Бишкек жылуулук борборунда борбор калаанын турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жыйында борборго жылуулук берүүнү токтотуу тууралуу талкуу болду.
"Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү, атап айтканда 26-марттан 2-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору учурда шаарда коронавирус жана ОРВИ менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жылуулукту өчүрүүнүн убактысын узартууну сунуштаган. Калаадагы жылуулукту өчүрүү маселеси эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кайрадан 2-апрелде каралат.
Эске сала кетсек, калаадагы жылуулук берүү абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо өчүрүлөт", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: