"Сүрдүрөбүз, көчүрөбүз, сатабыз...". 74 жыл мурун курулуп, түрдүү "тагдырга" туш болгон "Ак кула" ат майданынын абалы сүрөттөрдө
























“Ак кула” ат майданы - Бишкектеги жападан жалгыз көзгө басар ат майдан. Аталган жайдын жетекчиси Калыбек Акунов ат майдан боюнча төмөнкүлөргө токтолду.
"Ат майдандын акыбалы начар. Союз учурунда болсо болгон чыгар, бирок андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Ал ортодо ат майданды шаардын сыртына чыгарабыз деп Белек айылына ипподром дагы куруп жиберишкен. Анан бул жердеги ат сүйүүчүлөр ал жакка барып аттарын сынап көрүп, ал жакта бир топ аттардын буту сынып, өлүп калган учурлар катталып кайра барбай коюшту. Былтыр ат майданды сүрдүрүп салып, ордуна жаңысын салуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан экен. Ал азыр дагы күчүндө. Бишкек шаардык мэриясы учурда акча каражатын карап жатат. Бирок качан табылары белгисиз, ушундай азыр табышмактуу абалдабыз", - дейт Акунов.
Аталган маселе боюнча Бишкек шаардык мэриясына кайрылганыбызда, бул боюнча тиешелүү тарапка суроо жөнөтүлгөндүгүн айтышты.
Белгилей кетсек, "Ак кула" ат майданы 1947-жылы курулган. Жалпы аянты 54 гектарды түзгөн бул жай 1996-жылга чейин Бишкек шаардык мэриясынын карамагына карап, кийин жеке тараптарга сатылып кетип, бир топ жылдардан соң 2017-жылы кайрадан мэрияга өткөн. Аталган жайды түрттүрүп, кайрадан куруу боюнча 2020-жылы өкмөттүн токтому кабыл алынган.



1 |