super.kg logo

Президенттик аппарат жана Бизнес-акыйкатчы институту ишкерлерди коргоо боюнча активдүү кызматташат

 

Президенттик аппаратын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандер Гайпкулов өлкөнүн Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Ишкерлерди коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар, анын ичинде шарт түзүү жана Бизнес-акыйкатчы институтунун статусун көтөрө турган «Бизнес-акыйкатчы жөнүндө» мыйзамды кабыл алуунун актуалдуулугу талкууланды.

Искандер Гайпкулов бул мыйзам долбоорун тезинен иштеп чыгып, кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жана «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыктардын аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Мындан сырткары бөлүм башчысы Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу башталганын, анын алкагында ишкерлерге карата мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берген бардык тоскоолдуктардын жоюларын айтты.

Ошондой эле экономикалык кылмыштарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин ченемдерин кайра карап чыгуунун маанисин жана экономикалык талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү жолдорун карап чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Искандер Гайпкулов мамлекет башчысы бизнеске байланыштуу мамлекеттик органдардын ишин түп тамырынан кайра карап чыгуу милдетин койгонун эскертти.

Робин Орд-Смит бүгүнкү күндө бизнеске байланыштуу мамлекеттик органдардын ишинде аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлбаганын жана Бизнес-акыйкатчынын чара көрүү актылары эске алынбастан, мамлекеттик текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан бизнеске кысым көрсөтүүлөр уланып жатканын баса белгиледи.

Ал президенттин жогоруда аттары аталган жарлыктарында көрсөтүлгөн чаралар мамлекеттик органдар тарабынан аткарылбай жатканы тууралуу материалдар жана маалыматтар, ошондой эле бизнес органдарына мамлекеттик органдар тарабынан кысым көрсөтүлгөн башка фактылар боюнча материалдар президенттин аппаратына киргизилерин билдирди.

Тараптар бизнести колдоо жана коргоо маселелеринде тыгыз жана активдүү кызматташууну уланта турган болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: