super.kg logo

Бишкек мэриясы шаар тургундарын алдамчылардан сак болуу керектигин эскертет

 

Бишкек мэриясы шаар тургундарына алдамчылардан сак болуу керектигин эскертет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары менен мектеп директорлорунун социалдык тармактагы баракчаларына муниципалитеттин жетекчилери делген адамдардан акча которууну суранган (техника алуу, гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча) каттар түшкөн учурлар болгон.

"Урматтуу Кыргыз өлкөсүнүн жарандары! Бишкек мэриясы мындай жол менен эч качан каражат топтобойт. Муниципалитеттин бир дагы өкүлү мындай каттарды жолдобойт. Мындай маалыматтар келип түшсө, расмий булактардан тактоо керек. Алдамчылык фактысы катталган учурда милицияга же Бишкек мэриясынын коррупция менен күрөшүү секторуна байланышыңыздар. Байланыш телефону: 0(312) 610 775", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: