super.kg logo

ЖЭБ-2 аймагынын тургундары Улукбек Мариповдун сөзүнө каршы митингге чыгышты

 

Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы ЖЭБ-2 аймагынын тургундары өкмөт үйүнүн жанында митингге чыгышты. Анда премьер-министр Улукбек Мариповдун аймактагы 400 үйдү көчүрүү боюнча билдирүүсүнө нааразы болгон эл алар жашаган жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

Митингдин катышуучуларынын бири Улукбек Салманов вице-премьер-министр Равшан Сабиров келип, жериңерди мыйзамдаштырып беребиз деген, бирок эч нерсе кылбай иштен кетип калганын айтты.

"Буга чейин Улукбек Марипов ЖЭБ-2 аймагынын 40 гектарына 400 үй курулганын, эгерде жылуулук электр борбору ишке кирсе, анда тургундарды башка жакка көчүрүү керектигин айткан. Ошондуктан биздин жерлерди мыйзамдаштырып бергиле деп митингге чыгып жатабыз. Азыр 300дөй киши чогулду. Эл президенттин өзү менен жолугууга аракет кылып жатат", - деди ал.

ЖЭБ-2 Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында, Сокулук районунда жайгашкан. Анын курулушу 1986-жылы башталып, кийинчерээк токтоп калган. 2019-жылы өкмөт бул ЖЭБди калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жаткандыгын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.03.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким берди ошол жерди,ошого барып арыздангылп
25.03.2021. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оздору базы алган, мыйзамсыз жерлер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: