super.kg logo

ЖЭБ-2 аймагынын жашоочулары президенттин кабыл алуусун талап кылышууда

 

Эски аянтта ЖЭБ-2 аймагынын жашоочулары өткөрүп жактан митингге өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев чыкты. Бөлүм башчы митингчилерге "талабыңарды карап көрөбүз, аны сот чечет" деп айткан. Бирок митингчилер аны уккан жок.

Митингдин катышуучуларынын бири "Азыр 5 адамдан турган комиссия түзүлүп, президенттин кабыл алуусун күтүп жатабыз. Эгер дагы башка бирөө чыга турган болсо, каршыбыз. Президенттин өзү менен жолугушубуз керек", - деди.

Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы ЖЭБ-2 аймагынын тургундары өкмөт үйүнүн жанында митингге чыгышкан. Анда премьер-министр Улукбек Мариповдун аймактагы 400 үйдү көчүрүү боюнча билдирүүсүнө нааразы болгон эл алар жашаган жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.03.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оздоруно таандык болбогон жерлерди басып алуу болгон 2005 жылдан баштап. Мунун баарын 2005 жылы Бакиев баштаган.
25.03.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев берген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: