Эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Бекбай Алыкулов узакка созулган оорудан улам көз жумду

Бекбай Алыкулов 1937-жылы 15-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1955-жылы Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин Ленин атындагы колхоздо 3 жыл чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын "Билим" коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965-1967-жылдары Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соода бөлүмүнүн улук адиси, 1967-1983-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинде атайын кабарчы, "Кыргызстан" басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылдан "Кыргызфильм" киностудиясында улук редактор, 1990-жылдан "Кыргызстан" басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор, "Чүй баяны" гезитинде, андан соң "Кыргыз Туусу" гезитинде маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1970-жылдан Кыргыз Республикасынын журналисттер, 2006-жылдан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Калемгердин “Өмүрү өрнөк инсан”, “Аккуулар кайтып келатат”, “Балалык менен кездешүү” аттуу китептери жана көркөм, публицистикалык тандалма чыгармаларынын эки томдугу жарык көргөн.
Ал чыгармачылыктагы зор ийгиликтери үчүн 1974-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 1999-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наамга татыктуу болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бекбай Алыкуловдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.