super.kg logo

Прокуратура наркы 23 миллион сомдон ашуун болгон жер тилкелерин мамлекетке кайтарды

 

Прокуратура органдары баасы 23 миллион сомдон ашуун болгон жер тилкелерин мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан №93 орто мектебине таандык жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталды.

Анын жыйынтыгы менен мыйзам бузууну калыбына келтирүү үчүн жалпы базар баасы 23 миллион 334 миң 120 сомду түзгөн 4 жер тилкеси мамлекеттин эсебине кайтарылды.

"Алсак, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу менен, жогоруда белгиленген жер тилкелери мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен. Жер тилкелер Арча-Бешик жаңы конушунун тургундарынын социалдык жашоосун камсыз кылуу үчүн максаттуу багыты боюнча бала бакча курууга каралгандыктан жеке турак үй курууга мүмкүн эмес эле. 24-мартта жогорудагы 4 жер тилке мэриянын балансына алынды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: