Бишкекте 9-кабаттан кулап кеткен жигиттин абалы турукташып, ооруканадан чыгарылышы күтүлүүдө
Бишкекте 18 жаштагы жигит курулуш иши жүрүп жаткан имараттын 9-кабатынан кулап түшүп кеткен. Алган жаракатынан улам жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жаткырылып, бооруна операция жасалган.
Бүгүн, 25-мартка карата бейтаптын абалы турукташып калганы аталган оорукананын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
"18 жаштагы бейтапка буга чейин операция жасалган. Абалы туруктуу, ушул аптада үйүнө чыгарылат. Балким, эртең чыгат", - дешти мекемеден.
Эске салсак, Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө 14 кабаттуу үйдүн курулуш иштери жүрүп жатканда 9-кабаттан жумушчу кулап түшкөнүн Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен. Ал ичинен жабык жаракат алган, боорунун оң жагы, жоон ичегиси жарылып, ичине кан куюлган, гематома, көтөн чучуктан жаракат алган. Баш мээси чайкалган.
