Улукбек Мариповдун Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы чыгарылды
Премьер-министр Улукбек Мариповдун Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эпкин-Дыйкан жолу Нарын облусундагы көйгөйлүү маселелерден болуп саналат.
Мен анын абалы менен жеринде тааныштым. Жолдун абалы начар. "Todini" италиялык компаниясы иштин 70 пайызын аткарганга тийиш эле, бирок болгону анын 10 пайызы аткарылган. Компания менен келишим 2020-жылдын 1-декабрында бузулган. Транспорт министрлигине эки ай ичинде тендер жарыялап жана өткөрүү тапшырылган. Андан соң курулуш иштерин баштоо зарыл. Бул түндүк менен түштүктү бириктирүүчү 70 чакырым жол болуп саналат.
Биз 24 айдан соң, башкача айтканда 2022-жылдын соңуна дейре жолдун курулушу бүткөрүлөт деп ишенебиз.
Мындан тышкары мен жергиликтүү калк менен жолугуштум, анда мектептерди жана мектепке чейинки мекемелердин курулушу, таза жана сугат суу менен камсыздоо сыяктуу көйгөйлүү маселелер талкууланды. Мен ошондой эле Кочкор районунун Туз айылында болдум, ал жердеги курулуп жаткан мектеп менен тааныштым. Ал 75 пайызга даяр, аны жыйынтыктоо үчүн быйыл 16 миллион сом бөлүнүп берилет. Мектептин курулушу жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.
Белгилей кетсем, өкмөт аймактын тургундары тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт", - деген премьер-министр Улукбек Марипов.


1 |