"Эмдөөнү премьер-министр, министр, депутаттардан баштайлы" дейт Тазабек Икрамов. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде
Депутат Алтынбек Сулайманов партиянын ичиндеги талапкерлерди шайлаганга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында баяндама жасап жатып билдирди.
"2020-жылы 5-6-октябрь күндөрү элибиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп толкундоо болгон. Ошонун жыйынтыгында толкундоонун аягы эмне менен бүткөнүн баарыбыз билебиз. Партиялык тизме жабык болуп, белгилүү бир талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок болгонунан ушундай окуялар орун алган. Бул долбоордун максаты - партиялык жабык тизмеден ачык тизмеге өтүү. Шайлоочу партиянын ичиндеги талапкерлерди шайлаганга мүмкүнчүлүгү болот", - деди Сулайманов.

Марлен Маматалиев "Коопсуз шаардын" айып пулдарынын көлөмүн төмөндөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Экономикалык абал оор, эл кыйналып жатат. Биз "Коопсуз шаар" долбоору менен эреже сактоо тартибин орноттук. Убакыт, учур келди, айып пулдардын көлөмүн азайталы. Эгерде өкмөт макул болсо, мыйзамга өзгөртүү киргизели. Мас болуп унаа айдагандардын эмес, кызыл жол чырагынан өтүп кеткендерге эмес, башка категориядагылар боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну айтып жатам", - деди ал.
Президенттин кабылдамасында өлкөдөн чыгарылган активдерди кайтаруу маселеси талкууланды
Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбековду кабыл алды. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтар берилди. Канатбек Тургунбеков чалгындоо кызматынын учурдагы ишмердүүлүгү жана бул тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Ал ошондой эле кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун 31-пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын жетишкендиктери тууралуу экинчи отчётун кароонун оң натыйжалары жөнүндө маалымат берди.
Жыйындын жыйынтыгында, өлкөнүн террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү тутумун өркүндөтүү жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишилгени белгиленип, мамлекетти 13 позиция боюнча рейтингин жогорулатуу чечими кабыл алынган.
Садыр Жапаров Мамлекеттик чалгындоо кызматы тарабынан, өзгөчө Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик кадр кызматы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен мекемелер аралык өз ара координацияны күчөтүүнүн маанисин белгиледи.
Президент бул чаралар "Мамлекеттик кызматкерлер" жана "Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин" электрондук маалымат базасын жана финансылык мониторинг механизмдерин Бириккен улуттар уюмунун коррупцияга каршы конвенциясынын жоболоруна жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобунун сунуштарына ылайык тез арада түзүп чыгуу керектигин баса белгиледи.
Садыр Жапаров кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелчиликтерин азайтуу, ошондой эле мыйзамсыз же кылмыш жолу менен өлкөдөн чыгарылып кеткен активдерди издөө жана кайтарып алуу боюнча натыйжалуу чараларды тез арада көрүү зарылдыгына токтолду.
Ошондой эле ал акыйкат башкаруунун механизмдерин киргизүү, каржылык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, өлкөнүн рейтингин жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн Мамлекеттик чалгындоо кызматы менен бизнес коомчулугунун ортосунда өз ара тыгыз кызматташууну түзүүнүн маанисин кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров коррупциянын жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн улуттук системин өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
"Эмдөөнү премьер-министр, министр, депутаттардан баштайлы" дейт депутат Тазабек Икрамов
Депутат Тазабек Икрамов коронавирус илдетине каршы эмдөө тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Коронавирус илдетине каршы эмдөө тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Кайсы жактан келип жатат, текшерилгенби? Эртең бардыгын кыйнап башташат. Ошондуктан эмдөөнү премьер-министр, министр, депутаттардан баштайлы", - деди ал.
Буга чейин Кытайдан Кыргыз мамлекетине акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы келген. Калкты эмдөө ушул апта ичинде башталары маалымдалган болчу.



1 |