Бишкекте адашып жүргөн 7 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлдү
Бишкек шаарында адашып жүргөн 7 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 24-мартта милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 14:30 чамасында Жаш Гвардия бульвары жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен жалгыз адашып жүргөн баланы көрүшкөн.
"Кайгуул кызматкерлери баланын аты-жөнүн жана жашаган дарегин тактаганда, ал 2014-жылы туулган бала экендиги жана Жал кичи районунда жашаары аныкталган. Кайгуул кызматкерлери баланы кызматтык унаага отургузуп, үйүн таап ата-энесине аман-эсен жеткирип беришкен. Баланын апасы уулун издеп жаткандыгын айтып, ыраазычылык билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.