Өкмөт үйүнүн алдына Мариповдун сөзүнө нааразы болуп митингге чыккандар тарай элек (сүрөт)










Бүгүн, 25-мартта ЖЭБ-2 аймагынын жашоочулары жер тилкесин мыйзамдаштыруу боюнча өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар президент Садыр Жапаров менен жолугабыз деген талап коюшууда.
Митингдин катышуучулары: "Күндө эле колубуз бошой бербейт да. Бүгүн биз маселебизди чечишибиз керек. Конституцияны кол аарчы алмаштыргандай өзгөртүшөт да, регламентти бузбайбыз дешет", - деп билдиришти.
ЖЭБ-2 аймагында 1000дей кожолук жашайт. Жерлерди мындан 16 жыл мурун мурдагы ээлеринен сатып алышкан. Азыркыга чейин документтештире албай келишет. Балдарын мектепке киргизе албай, жеке менчик мектептерге кымбат суммага окутушат.
Тургундар премьер-министр Улукбек Мариповдун аймактагы 400 үйдү көчүрүү боюнча билдирүүсүнө нааразы болушуп, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышууда.


1 |