Борбор калаадагы алты көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат




"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин улантууда. Бул тууралууу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда алты көчөнүн жолдорун оңдоо иштери жүрүп жатат. Алар:
- Исакеев көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнөн баштап Валиханов көчөсүнө чейин;
- Шевченко көчөсү Жибек Жолу көчөсүнөн баштап Мичурин көчөсүнө чейин;
- Левоневский көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Асаналиева көчөсүнө чейин;
- Гражданская көчөсү Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
- Васильев көчөсү Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейин;
- Арменская көчөсү Кийизбаева көчөсүнөн Чыгыш-5 кичи районундагы Мамбетов көчөсүнө чейин.
Жогоруда көрсөтүлгөн көчөлөрдө эски бордюрлар алынып, кудуктар таштандыдан тазаланып жатат.
Ошондой эле Пишпек көчөсү Дэн Сяопин көчөлөрүнөн баштап Жамгырчинов көчөлөрүнө чейин оңдоп-түзөө иштерин баштоо пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.