Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандарды кабыл алды




Бүгүн, 25-мартта Башкы прокуратуранын жетекчилиги тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууга карата кыймылсыз, кыймылдуу мүлк ортосундагы талаштар жана ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.
Ар бир жарандын кайрылуусун кылдаттык менен карап чыгуу максатында жыйынга Башкы прокуратуранын жетекчилигинен сырткары түз видео байланыш аркылуу Нарын облусунун прокурору катышты.
Кабыл алуунун жыйынтыгында, тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.