super.kg logo

Лейлек жаштары экстремизмге каршы аттуу семинар өтүп, түшүндүрүү иштери жүрдү

 
Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында бүгүн, 25-мартта “Жаштар экстремизмге каршы” аталышындагы семинар болду. Семинарга жергиликтүү күч түзүмүнөн өкүлдөр, Лейлек, Сүлүктү аймагындагы мектеп мугалимдери, соцпедагогдор, айыл имамдары жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Бул иш-чара Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан уюштурулуп, жалпы катышуучуларга буклеттер, колдонмо куралдар таркатылды.
Бул иш-чаранын максаты улуттар арасындагы кастыкты козутпоо, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу, провокациялык чакырыктарга жол бербөө, ошондой эле жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга туура тарбия берүү.
Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы өлкөдөгү диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, терорристтик уюмдарынын идеологиясы, диний экстремизмдин алдын алууда бир топ аракеттер болуп жаткандыгын кеңири баяндап, видео тасмалар менен түшүндүрүп өттү.
Семинардын соңунда катышуучулар экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлерине бир топ суроолорду берип, жоопторду уга алышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: