Бүгүн Ош жана Баткен облусунун айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу берилбейт (тизме)
Бүгүн, 26-мартта Ош жана Баткен облусунун айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу берилбейт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу төмөндөгү аймактарда саат 8:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы берилбейт:
* Кызыл-Кыя шаарынын 13-кичи району, Токтогул, Гагарин, Кольцевая, Маяковский, Чехов, Султанов, Строительный, Горький көчөлөрү.
* Ноокат районунун Барын, Ак-Чабуу, Кырк-Кол, Жатан, Перевал, Атамерек, Осор, Калдай, Шалдырама, Бобби, Катта-Тал, Адыр, Медресе, Жаилма, Додон, Кызыл-Октябрь, Меркит, Нарай, Он-Эки-Бел айылдары.
* Баткен районунун Суу-Башы, Кыштут, Дара айыл өкмөттөрү.
* Өзгөн районунун Жалпак-Таш, Кара-Таш айыл өкмөттөрү.
* Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн, Айтиев, Азимов, Коммунистический, Навои, Комсомольская, Алай, Фрунзе, Заводской, Хлопзаводской көчөлөрү, кичи район, райондук оорукана, райондук ИИБ.
* Лейлек районунун Катран айыл өкмөтү.
* Араван районунун Маңгыт айыл өкмөтү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.
