super.kg logo

Бишкекте мектеп китепканачыларынын алгачкы форуму болуп өттү

 

Бишкекте мектеп китепканачыларынын алгачкы форуму болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Надира Жусупбекова жана бардык региондордон жалпы билим берүү уюмдарынын китепканаларынын 200дөн ашуун өкүлү жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери катышышты.

"Китептер балдардын тарбиясына таасир этет. Китепканачылардын иши – ар бир бала үчүн жана жалпы эле мамлекет үчүн стратегиялык жактан маанилүү чөйрө.

Китепканалар жогорку ылдамдыктагы интернет жана заманбап жабдуулар менен камсыздалышы кажет. Мындай китепканаларда ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө, маалымат алып, музыка угууга мүмкүн болгудай шарттарды түзүү керек", - деди Алмазбек Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, форумдун максаты китепканачылардын методикалык чеберчилигин арттыруу. Китепкана ишине инновацияларды киргизүү аркылуу башкаруу системасын жакшыртуу үчүн китепкана коомчулугунун өкүлдөрүнүн, мектеп китепканаларынын жана маалыматтык-китепканалык борборлордун тажрыйба алмашуусу жана кесиптик баарлашуусу боюнча аянтчаны түзүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: