super.kg logo

Наркы 196 миллион сомго чукул. Ак-Ордо конушунда үч кабаттуу жаңы мектеп курулат

 

Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушуна тендер жарыяланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жаңы курула турган мектеп үч блоктон: окуу корпусу, спорт залы жана актовый залдан туруп, үч кабаттуу имарат болот.

"Мектеп 750 балага, 23 окуу классына ылайыкташтырылган. Долбоордун сметасы жана документ иштери толук аягына чыкты.

Тендер Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында өтөт.

Курулуш иштеринин алгачкы сметасы 195 миллион 959 миң 79 сомду түздү. Чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мектеп Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат.












 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: