Депутат малдарды идентификациялоо үчүн айылдарды алгач интернет менен камсыздоо керектигин айтты
Депутат Тынчтыкбек Конушбаев малдарды идентификациялоо үчүн айылдарды алгач интернет менен камсыздоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Суусамыр өрөөнүндөгү айылдар интернет менен толук камсыздалган эмес. Анан кантип идентификациялоо толук кандуу ишке ашат?" - деп суроо берди депутат.
Өз кезегинде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Айдарали Сарыков аталган маселе курч бойдон калып жатканын кошумчалады.
Ошондой эле Тынчтыкбек Конушбаев жыл сайын Суусамырга Таластын жана Чүйдүн малы багыларын билдирди. "Оору жергиликтүү элдин малынан чыкпайт. Башка жактан баргандардан жугат. Андыктан өрөөнгө барчу жолдогу өткөрмө жайларга атайын көзөмөлдөө борборлорун ачуу керек. Тыкыр текшерүү жүргүзүү менен гана илдеттердин алдын алууга болот", - деди ал.
