super.kg logo

Артём Новиков: "Токиодогу олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды коюу керек"

 

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өлкөнүн курама командаларынын спортчуларын 2021-жылкы эл аралык комплекстүү спорт оюндарына катышууга даярдоо; Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылы өтүүчү Азиянын спорт түрү боюнча чемпионатын өткөрүүгө, ШКУ эл аралык марафонун жана волейбол боюнча кубогун өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө спортчуларды даярдоо, каржылоо, 2021-жылы өлкө аймагында ири эл аралык турнирлерди өткөрүүгө даярдык, ошондой эле башка актуалдуу маселелер боюнча маалымат угулду.

"Эгемендүүлүк жылдары биз мыкты мүмкүнчүлүктөрүбүз болгону менен жогорку пробадагы олимпиадалык медалдарды жеңип ала алган жокпуз. Кыргыз спортунун тарыхы бай жана мыкты ийгиликтерди багындырган инсандарыбыз да бар. Учурда ал салтты жаш муундагы спортчулар улантууда. Ошондуктан биз Токиодогу олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды алдыга коюубуз керек. Ал үчүн биз спортчуларыбызды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүбүз зарыл", - деди Новиков.

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

  • Спорт түрү боюнча федерациялар менен биргеликте спорт түрү боюнча курама командалардын спортчуларынын алдыдагы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарга даярдыгын жана катышуу шарттарын камсыздоо;
  • Дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатын, ШКУ эл аралык марафонун өткөрүүгө, ошондой эле алдыдагы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарга спорт түрү боюнча курама командалардын спортчуларын даярдоо үчүн финансылык каражаттардын өз учурунда бөлүнүүсүн камсыздоо;
  • Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү жана сыйлануучулары жана алардын машыктыруучулары үчүн бир жолку акчалай сыйлыкты бекитүү тууралуу чечим долбоорун киргизүү;
  • Жайкы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарга даярдык алкагында Кыргыз Республикасынын курама командалары үчүн окуу-машыгуу сборлорунун өткөрүлүшүн жана алардын бардык лицензиялык турнирлерге катышуусун камсыздоо;
  • Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү үчүн жайкы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарга спорттун түрү боюнча катышуусуна параддык жана спорттук форманын дизайнын (эскиз) уюштуруу комитетинин кароосуна киргизүү;
  • Спорттук-массалык иш-чаралардын спортчулары жана катышуучулары үчүн конкреттүү эсептер жана каржылоо булактарын эске алуу менен тамактануунун акчалай ченемин жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: