Борбордо Өзбекстандан гуманитардык жардам катары келген "Тез жардам" унааларын тапшыруу аземи өтүүдө






Бүгүн, 26-мартта өкмөт үйүнүн алдында Өзбекстандан гуманитардык жардам катары келген "Тез жардам" унааларын тапшыруу аземи өтүп жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө унааларды саламаттыкты сактоо министринин статс-катчысы Калысбек Шадыканов тапшырды. Анда Фольксваген Кэдди Карго жана ISUZU D-Max 4x2 үлгүсүндөгү 20 даана "Тез жардам" унаасы аймактарга берилди.
Эске салсак, бул жардамды президент Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапары учурунда өзбек тарап көрсөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.