super.kg logo

Премьер-министр Ташкентте кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Өзбекстанда жашаган мекендештерге кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Мен биздин жолугушуубузга жана президенттин атынан салам жолдоо мүмкүнчүлүгү үчүн кубанычтамын. Тилекке каршы, программанын жыштыгына байланыштуу биз айылга бара албай калдык, ошол эле учурда сиздердин аман-эсендигиңиздерден жана бакубат жашооңуздардан кабар алып сүйүнүп турабыз. Этностук кыргыздар жашаган айылды өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө чоң көңүл буруп жаткан Өзбекстандын жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет", - деди Улукбек Марипов.

Диаспоранын өкүлү белгилегендей, учурда Өзбекстанда 300 миңден ашуун этностук кыргыздар жашайт.

"Борбордон ыраак жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Бүгүнкү күндө анда 6,5 миңден ашуун адам жашайт. Биз жеке жолугушуу жана кеңири маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазыбыз. Бизде баары жетиштүү, биз үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жалпысынан Өзбекстан Республикасында 55 жалпы билим берүүчү кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү мектептер болуп саналат. Мамлекет башчынын Өзбекстан Республикасына сапарынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо боюнча сүйлөшүүлөр активдештирилет деп ишенебиз", - деди Рахматулла Жаббанов.

Премьер-министр кыргыз диаспорасынын сунуш-пикирин угуп, кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрү алкагында Өзбекстандын Жизак облусунун Манас айылынын "Маржан" көркөм ыр бий ансамбли тарыхый мекенине, Кыргыз Республикасына келмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: