Бишкектеги бардык окуучулар реалдуу режимде качан окуп баштайт? Мэриянын жообу
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкектин көпчүлүк мектептери каникулдан кийин үчүнчү чейректегидей режимде окуй беришет. Бул тууралуу онлайн-брифингде Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева билдирди.
"1-апрелден баштап төртүнчү чейрек башталат. Сабактар үчүнчү чейректегидей режимде улантылат. Тагыраагы, жети класс (1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар) мектепке келип окушат. Калган төрт класс мурдагыдай эле онлайн-режимде окуусун улантышат. Алдыдагы 2-3 аптада эпидемиологиялык абал жакшырса, бардык окуучуларды реалдуу режимде окутууну карап көрөбүз", - деди ал.
Ошондой эле Иманалиева 9-марттан баштап мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачышканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.